Аламүдүндө газ түтүгү жарылып, өспүрүм каза болду (видео)

1946

Күтүлбөгөн кырсык. Чүй областынын Аламүдүн районундагы ГЭС-2 айылында жайгашкан үйдө жаратылыш газ түтүкчөсү жарылып, 13 жаштагы эркек бала каза болду.

Бул кырсыктан дагы 2 киши жабыркап, ооруканага жеткирилди. Окуя болгон жерге куткаруучулар жана шаардык Газ кызматынын бригадасы тартылды.