Санаторийдеги өрт атайын коюлганбы? (видео)

2874

Бишкектен алыс эмес жерде жайгашкан «Кыргызстан» санаторийинде чыккан өрт атайын коюлган болушу мүмкүн. Мындай оюн “Кесиптик кошуундар” федерациясынын тиешелүү башкармалыгынын башчысы Самарбек Күчүков билдирди.

Өрт өчүрүүчүлөр болсо дарылануу жайындагы тилсиз жоо эмнеден улам чыкканын азырынча так айтыша элек. Эске салсак, кечээ күнү “Кыргызстан” санаторийинде 2 кабаттуу имарат толугу менен күйүп кетти. Өрттүн аянты өтө чоң болгондуктан, аны өчүрүү оңойго турган жок.