НТС

Салык жана бажы кызматтарында коррупциялык схемалар аныкталды

Интернетте кечээ күнү Улуттук коопсуздук комитети тарабынан өткөрүлгөн кеңири масштабдагы ыкчам-иликтөө операцияларынын видеосу тарады. Белгилей кетсек, УКМК бажы жана салык кызматтарында иштегендердин катышуусундагы ири коррупциялык схеманы аныктап, анда 217 миллион бюджеттик акча мыйзамсыз чыгарылып кеткени белгилүү болгон. Мындан улам, бул мамлекеттик органдардын айрым кеңселери кечээ таң эртеден тарта курчоого алынып, анда ыкчам-иликтөөлөр жүргүзүлгөн.

Маалыматтарга караганда, анда айрым юридикалык жактар импорт товарларга кошумча нарк салыгын ашыкча төлөп алганы тууралуу жалган документтерди жасап, тийиштүү мамлекеттик органдарга берип турушкан. Кийин ал акча мамлекеттик бюджеттен кайтарылып берилип турган.

Бул коррупциялык схеманы салык жана бажы кызматтарындагы айрым кызматкерлер менен жең ичинен келишимге барган тараптар жасап келишкен. Бул иштер 2016-2017 жылдар аралыгында болгон.