Токмоктогу өрттүн чыгышына эмне себеп болгон? (видео)

3850

Үч күн мурда Казакстанда башталган өрт кечээ Кыргызстанга өтүп, 60 гектар жер күйүп кетти. Анын кесепетинен “Ак-Тилек” чек ара бекети 1,5 сааттай жарыксыз калган. Анткени ага жакын жердеги куурай баскан 5 гектар аянт өрттөнүп, 2 электр мамысынын ортосундагы жогорку чыңалуудагы чубалгы жараксыз абалга келген.

Токмок шаарына жакын айланма жолдун боюнда тутанган от май күйүүчү станция жана турак-жайларына жетерине аз калган. Жалындын чыгышына эмне себеп болгон?