Убактылуу ата энеде багылган балдар (видео)

695

Учурда өлкө боюнча 50гө жакын наристе фостердик үй-бүлөдө тарбияланууда. Бөбөктөрдү убактылуу багып алган ата-энелердин саны 26га жетет. Мындай үй-бүлөлөр жоопкерчиликтүү милдетти өзүнө алгандан мурда бир нече талаптарга жооп бериши керек.

Мисалы, бала багууну чечкен аял же эркектин жаш курагы 65тен ашпашы керек. Ошондой эле, туруктуу жашаган жери жана жумушу болушу шарт. Фостердик үй-бүлөдө тарбияланган ар бир бала үчүн мамлекет тарабынан 6000 сом айлык төлөнөт.