563

“Саякбай” кинотасмасы Монреаль кинофестивалына катышат

Саякбай
“Саякбай” тасмасы Эл аралык Монреаль кинофестивалына катышуу үчүн чакыруу алды. Ага карата 24-августа Канадада “Саякбай” тасмасынын дүйнөлүк премьерасы болот. Бул тууралуу фильмдин режиссеру Эрнест Абдыжапаров билдирди. “Саякбай” тасмасы буга чейин Бишкекте чакан чөйрө үчүн жабык көрсөтүлгөн. Жалпы көрүүчүлөр үчүн 31-август күнү эгемендүүлүктүн 26 жылдыгына карата тартууланары айтылган. Монреаль кинофестивалы 1977-жылы негизделген. Ал “А” классындагы дүйнөлүк фестивалдардын бири болуп эсептелет.