Бишкекте доллардын курсу кайра көтөрүлдү (видео)

4275

Бир сутка ичинде доллар 70 тыйынга кымбаттады. Учурда акча алмаштыруучу жайларда АКШ долларын сатып алуу 80 сом 80 тыйындан болуп, ал эми сатылышы 81 сомго чыкты. Айрым эксперттер улуттук валютанын наркы түшүп кеткендигин акыркы коомдук саясий окуяларга байланыштырууда.

Ошондой эле экономикалык каатчылыка пандемия дагы таасирин тийгизип жатыптыр. Ал арада эле доллардын курсунун жогорулашы менен базардагы азык-түлүктөр дагы кымбаттай баштады.