НТС

Семетей обсервациясын салууда сол чөнтөккө кеткен акчалар (видео)

Мурдагы “Ганси” авиабазасынын аймагына обсервация салууда сол чөнтөккө кеткен акчалар ачыктала баштады. Анда техникалык колдоо борборунун имаратын курууга жана жабдууларды сатып алууда бюджетке 2,5 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Аскер курулуш мамлекеттик ишканасынын айрым жооптуу кызматкерлери курулуш ишканалары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, иштердин көлөмүн көбөйтүп, сатылып алынган каражаттардын баасын дагы атайылап кымбаттатып турган.