Мугалим менен дарыгерлерди жумшагандар жооп берет (видео)

1709

Өлкөнүн бардык аймактарында добуш сатып алуу аракеттерине көз салган атайын ыкчам топтор иш алып барууда. Бул тууралуу парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын акыркы отурумунда айтылды. Анда өзгөчө область жетекчилерине, жергиликтүү аткаминерлерге саясий өнөктүктү таза жана кынтыксыз өткөрүү боюнча президенттин буйругун так аткаруу талабы коюлду.

Шайлоо иштерине мыйзамсыз тартылган мугалим, медиктер үчүн ар бир жетекчи керт башы менен жооп берери дагы бир жолу эскертилди. Айтымдарында, буга чейин мындай саясий өнөктүктөрдө 300 миңге жакын агартуучу, ак халатчан кайсы бир партиянын кызыкчылыгы үчүн иштеп келишкен.