550 миң долларлык мандат (ыидео)

1791

«Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка» шектелип жаткан Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимов ортомчу гана болуп, акчаны белгилүү жакка алып барып бериши мүмкүн. Мындай пикирин Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын жетекчиси Бейшеналы Нурдинов билдирди. Айтымында, бул фактыны тиешелүү кызматтар тыкыр иликтеп чыгуусу зарыл.

Азырынча ири суммадагы каражат канча адамдын жана кимдердин чөнтөгүнө түшкөн деген суроо бүдөмүк бойдон калууда. Ал арада, өздүк булактар БШКнын мүчөсүнө ким арызданганын да ачыкташты. Ага ылайык, ал экс-депутат жана мурдагы аткаминер экен.