Бабановдун баш коргоо чарасын караган судья эмне деп алдаган? (видео)

6208

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасын караган судья соттук процесс түшүрүлгөн аудио-видео жазууларды берүүдөн расмий түрдө баш тартты. Ал жооп иретинде жөнөткөн катта, сот залындагы камералар техникалык себептерден улам иштебей, аудио-видео жазылбай калганы айтылат.

2-июнда Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасы каралардын алдында судья Чыңгыз Бердимуратов отурум аудио-видеого жазылаарын айтып, экс-премьер-министрдин адвокаттарынын журналисттердин катышуусуна уруксат берүү өтүнүчүн четке каккан. Муну Өмүрбек Бабанов сот, тергөөчү, прокурордун былыгы коомчулукка ашкереленип калуудан коркуп жатышат деп баалады. Дасыккан юристтер, саясатчылар дагы сот ачыктуулугу камсыз кылынган жок деп сындашууда.