Жаңы конуштарда акыркы убакта уурулук күчөдү (видео)

4024

Бишкекте жыл башынан бери 2 айдын ичинде эле мындай фактылар 3,5 миңге жеткен. Бул былтыркы ушул маалга салыштырмалуу 160 учурга көп дегенди билдирет. Мындай маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан беришти.

Алсак, Ак-Ордо жаңы конушунда бир эле көчөдө бир ай ичинде 2 жолу уурулук фактысы катталган. Баалуу буюм-тайымын, акчасын алдырып жибергендер кылмышкерлерди кармап, жазалоону талап кылышууда.