“Коопсуз шаар” долбоору: бир жетекчи камакка алынды (видео)

6734

Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары, эки жума санариптик өнүктүрүү министри болуп иштеген Азамат Дыйканбаев кытайлык компаниядан 2 миллион 600 миң сом пара талап кылган деп айыпталууда. Ал соттун чечими менен эки айга камакка алынды.

Дыйканбаевге карата “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашырып жаткан кытайлык компаниянын башкы директору арыз жазганы маалым болду. Ал мурдагы министр келишимдин мөөнөтүн узартуу маселесин оңунан чечип берүү үчүн кытайлык компаниядан ири суммадагы акча талап кылганын айткан. Бирок адвокаты кылмышка шектүү ага коюлган айыптоолорду четке кагып жатканын билдирди.