Молдовановкадагы колониядан качууга аракет кылгандар (видео)

7579

Түндө саат экилерде Молдовановка айылындагы түзөтүү колониясынан соттолгон эки адам качууга аракет кылып, алардын бирөө атып өлтүрүлдү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан кабарлашты. Маалыматтарга караганда, түндө саат эки кыркта 27-колониядан 58 жана 22 жаштагы эки киши негизги тосмо аркылуу качып кеткени жатышкан.

Түрмөнүн кайтаруучусу эки адам тыюу салынган аймакта жүргөнүн көрүп, асманга эскертүү иретинде ок аткан. Буга дагы баш ийбегендиктен, аларга карата ок чыгарууга туура келген. Бирөө ошол жерде каза таап, экинчиси колго түшкөн.