Пандемияда иштеген аткаминерлердин көпчүлүгү камалат (видео)

1202

Пандемия маалында иштеген аткаминерлердин көпчүлүгү камалат. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Айтымында, июль апаатында миңден ашуун адамдын өлүмүнө жооптууларды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Дал ушул иштин алкагында мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов дагы күбө катары суракка чакырылган. Ал Финполициянын имаратында 4 сааттан ашык убакыт болуп чыкты. Буга чейин дагы бир өкмөт жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиевди да күбө катары суракка алып, андан соң ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган болчу.