Бабановдун тарапташтары: “Аягына чейин турабыз” (видео)

7143

Кумтөр ишинде Өмүрбек Бабановдун эч кандай тиешеси жок деп чечим чыкканга чейин артка кайтпайбыз! Баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз калган экс-премьер-министрдин тарапташтары Бишкек шаардык сотунун жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратынын алдында билдирүүлөрдү жасашты.

Анда алар соттун чечими мыйзамсыз болгонун, фемида өкүлдөрү адвокаттардын жүйөөлүү дооматтарын эске албай, айыбын негиздебей чечим кабыл алганын билдирип жатышты. Айрым катышуучулар болсо Өмүрбек Бабановго айып таккан тергөөчүлөр убагы келгенде мыйзамсыз чечими кайра өздөрүнүн башына муш болорун эскертишти.