Башкы прокуратурада тергөөчүлөр жумушка алынууда (видео)

10734

Башкы прокуратурада кошумча 145 кызматтык бирдик ачылып, тергөөчүлөр ишке алынууда. Алар башкы көзөмөл органына жоюлуу алдында турган Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын функциялары өткөрүлүп берилгенден кийин ишке киришет.

Ошондой эле, прокуратурада тергөө комитетин түзүү пландалууда. Кечээ президент Садыр Жапаров УКМКнын алдындагы коррупцияга каршы кызматы жоюларын билдирген. Учурда эксперттер он жылдан бери иштеген бул органдан кандай зыян, кандай пайда болгонун талдашууда.