Жабык эшик артында кабыл алынган мыйзамсыз чечим (видео)

7118

Бишкек шаардык соту Өмүрбек Бабановду камакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Муну менен экс-премьер-министр 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагында болот. Мурдагы депутатка байланыштуу соттук процесс бул ирет дагы жабык отуп, журналисттердин катышуусуна уруксат берилген жок.

Өмүрбек Бабановду колдоого келген Жогорку Кеңештин депутаттары да жараянга кире албай калышты. Отурумга саясатчынын үй-бүлөсү бир катар тоскоолдуктардан кийин гана араң киргизилди.