Жаңы элчилер ишин баштады (видео)

10761

11 өлкөнүн жаңы элчилери президент Садыр Жапаровго ишеним грамоталарын тапшырышты. Алар Франция, Корея, Дания, Литва, Нидерланддар, Кипр, Хорватия, Финляндия, Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирлиги жана Бангладеш Эл Республикасынан келген дипломаттар.

Ишеним грамоталарды кабыл алуу аземи “Ала-Арча” резиденциясында өткөрүлүп, анда Садыр Жапаров аталган мамлекеттер менен 2 тараптуу мамилени өнүктүрүү керектигин белгилеп, инвестиция тартуу боюнча маселеге өзгөчө токтолду. Жаңыдан жумушка кирип жаткан элчилер дагы келечектеги пландары менен бөлүшүштү.