Рыскелди Момбековдун диплому табылбай жатат (видео)

1684

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлиги алып салынган Рыскелди Момбеков Боршайкомдун чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылат. Бул тууралуу ал өзү билдирди. Айтымында, бул боюнча Конституциялык палатага да арыз жазууга белсенүүдө.

Ал эми Боршайком болсо, мекемеге келип түшкөн документтерге ылайык, Рыскелди Момбековдун Кыргыз Улуттук университетинен алган диплому жасалма болуп чыкканын билдирүүдө. А түгүл, документ башка адамга таандык экен. Учурдагы парламентарийдин жогорку билими тууралуу дипломун текшерүү арызын убагында Момбеков менен соттошкон аткаминер жазган.