Шайлоо учурунда НТС телеканалынын журналисттери менен көз карандысыз байкоочулар коркутууга кабылды. Буга байланыштуу биз «Кайчы Пикир» программасында шайлоо темасын талкууга алдык. Канткенде таза шайлоо өткөрө алабыз. Бул туурасында бүгүн, 21:00дө көрүңүздөр.
Мирбек Айтикеев
Өткөн жекшембиде айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп, одоно мыйзам бузуулар менен коштолду. Ош областынын Кара-Суу шаардык кеңешине добуш берүүдө ар кандай терс көрүнүштөр катталган. Тактап айтканда, Кара-Суу шаарында айрым шайлоо тилкелеринде автоматтык урна - иштебей калып, үкөктү текшеребиз деген шылтоо менен, бир партиянын пайдасына - алдын-ала добуш берилген бюллетендер салынган. Ошондой эле, сыртта, келген жарандарды - тизме менен тактап киргизип жаткан учурлар да катталды. Окуяны жаздырып алган НТС каналынын журналисттери коркутууга кабылган.