Эс алып бүтпөгөн депутаттар (видео)

1466

Депутаттар жаңы эле эс алуудан келгенине карабай, парламенттин отурумдарын үзгүлтүккө учуратып жатышат. Жогорку Кеңеште пленардык жыйын болбой калды. Айрымдары муну карай турган маселе жок калды деп түшүндүрүүдө. Негизги себеби катары кворумдун жоктугунан тармактык комитеттин отурумдары болбой калып, документтер бекитилбей калганы менен байланыштырышууда.

Баарынан кызыгы жалпы жыйын 16-сентябрда дагы болбойт экен. Депутаттардын көбү алдыдагы шайлоо менен алектенип, Жогорку Кеңешке келгенге убакыт таппай жатыптыр. Чындап эле өлкөдө эл өкүлдөрү карай турган көйгөйлөр калбай калдыбы же эс алуудан жаңы жумушка чыккан парламентарийлердин жалкоосу кармадыбы?