6 ай ичинде 39 киши сууга агып кеткен (видео)

3069

Жалал-Абаддын Аксы районунда аты менен сууга түшүп кеткен 11 жашар бала табыла элек. Аны издөө иштери 16 күндөн бери уланып жатат. Жеткинчек 24-майда Желе-Терек тилкесинде жайлоого мал айдап бара жатып көпүрөдө аты үркүп кетип, аны менен кошо сууга кулап түшкөн.

Дагы бир окуя Кара-Көл шаарында катталган. Анда Кара-Суу дарыясынын жээгинен аял кишинин кийими табылган. Бирок өзүнөн дайын жок. Суучулдар аны дагы таппай жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга чөккөндөрдүн саны жыл сайын көбөйүп жатканын айтууда.