Күн суукта 3 баласы менен көчөдө калган үй-бүлө (видео)

2784

Электр жылыткычтары менен от жагуучу мештерди колдонууда абайлагыла! Аба-ырайынын суукташы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дал ушундай эскертүүлөрдү бере баштады. Анткени акыркы 10 ай аралыгында эле өлкөдө 164 турак жай жылыткычтар менен мештерди туура эмес колдонуудан улам, толук күйүп кеткен.

2 күн мурда эле Бишкектин Бакай-Ата конушундагы үйдө күйүүчү май менен иштей турган электр жылыткычы жарылып, анын кесепетинен турак толугу менен күлгө айланган. Баш калкалоочу жайы жок калган үй-бүлө элден жардам сурап кайрылууда.