Новопавловкада жайгашкан чоң дүкөндөгү өрттүн кесепети (видео)

4803

Чүйдүн Сокулук районунда чоң дүкөндө чыккан өрттүн себеби такталууда. Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча, от жакын жайгашкан кеңседеги компьютерлердин биринен чыккан болушу мүмкүн. Азыркы тапта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктан улам соодагерлерге канча зыян келтирилгенин эсептеп жатат.

Күйүп кеткен дүкөндүн жарымында чарба жана курулуш үчүн материалдары, ал эми экинчи бөлүгүндө — кийим-кече сатылчу. Кечээ кечинде Новопавловка айылынын Киров көчөсүндө жайгашкан дүкөндөн от чыккан. Жалын тогуздарга жакын чектөөгө алынып, ондордо гана толук өчүрүлгөн.