НТС

Шайлоонун жыйынтыгы 12-майга чейин чыгарылат (видео)

Бишкек жана Ош шаарларынын кеңештерине депутаттарды шайлоонун жыйынтыгы 12-майга чейин чыгарылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Айтымында, аталган калаалардагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча арыз-даттануулар каралып жатат жана түшкөн фото-видео материалдарды укук коргоо органдары иликтөөдө.

Алардын тиешелүү корутундусунун негизинде гана шайлоонун натыйжасы жарыяланат. Кечээ болсо Жогорку Кеңеште Бишкек жана Ош шаарларындагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу керек деген да талаптар айтылды.