Бишкекте шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылабы? (видео)

5097

Токмок жана Ош шаардык кеңештерине кайра шайлоо июнь айынын аягында болушу мүмкүн. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Боршайком бул боюнча президентке сунуштама жөнөткөнү белгилүү болду.

Эки калаадан сырткары Бишкек шаарында да саясий өнөктүк кайрадан өткөрүлүп калышы ыктымал. Анткени добуш берүү маалында мыйзам бузуулар көп болгондуктан, жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылгандар көбөйүүдө. Мындан улам, мандат берүү процесси кечеңдөөдө. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы буга 2-майда эле киришмек.