Аравандагы мушташ. БШК, милиция баа берет (видео)

2022

Үгүт маалында чыккан мушташтан улам Араван райондук милициясынын башчысы кызматтан алынды. Ошондой эле, бир катар тартип сакчыга дисциплинардык чара көрүлдү. Ички иштер министрлиги берген маалымат боюнча, алар коомдук тартипти камсыз кылууда кемчиликтерди кетиришкен.

21-сентябрда Ош областынын Араван айылында үгүт кампаниясы менен барган депутаттын тарапташтары менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыгып, ал массалык мушташка айланган. Анын кесепетинен 12 адам жабыркап, 5 машина талкаланган. Мушташка парламенттик шайлоого аттанган 2 партиянын тиешеси бар экени айтылгандыктан, ар бири өз позицияларын билдиришүүдө.