Жумалык: Криминалдын шайлоого таасири болобу? (видео)

1943

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн тобу менен кармалышын ар ким ар кандай жоромолдой башташты. Бири саясатка, тагыраагы шайлоого байланыштырса, экинчиси Ички иштер министрлигинин Коопсуздук кеңештин алдындагы атайын операциясы десе, үчүнчүсү белгилүү саясатчынын криминалга каршы күрөш жүргөн жок деген катуу билдирүүсүнө жооп катары деп баалап жатышат. Өлкөдө кандайдыр бир саясий иш-чаралардын алдында дайыма уюшкан кылмыштуу топтор баш көтөрө баштайт.

Шайлоо учурунда айрым күчтөр алардын кызматын колдонгондон дагы кайра тартышпайт. Бул жолку өнөктүктө криминалдын таасири кандай бөлөт? Аларды ооздуктаганга бийликтин күчү жетеби? Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн парламентке келүү мүмкүнчүлүгү канчалык?