Кыргызстан — Россия: аба каттамы жанданды (видео)

2237

Россия Кыргызстан менен аба каттамын жандантып, билеттер сатыла баштады. Ал арада бир тарапты көздөй эле билеттин баасы 70 миң сомдон сатылып жатканы белгилүү болду. Андыктан бир катар эмгек мигранттары анын арзандашын күтүп туруу керек дешүүдө.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы абакаттамды 2 авиакомпания жүргүзөт. Биринчи рейс ушул шаршемби күнгө белгиленип, анда алгач эле Бишкек-Москва багыты аткарылат. Коронавирус пандемиясынан улам эки өлкө ортосундагы авиабайланыш 18-мартта токтотулган болчу.