Муташтын чыгышына жол берген РИИБдин башчысы кызматынан бошотулду

1937

Аравандагы окуя боюнча коомдук тартипти тиешелүү деңгээлде камсыздабагыны үчүн деп аталган райондук милициянын жетекчиси Сактан Исмаилов кызматтан алынганы белгилүү болду. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, дагы бир катар тартип коргоо кызматкерлери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылышкан.

Ошондой эле мекеме, шайлоо үгүтү учурунда чагымчыл аракет жасагандарга, уруш чыгаргандарга, коомдук тартипти бузгандарга кескин чаралар көрүлөрүн эскертти. Мындан тышкары, үгүт маалында коомдук тартипти сактоо үчүн саясий партиялар шайлоочулар менен жолугушуу тууралуу алдын-ала маалымат берүүлөрү керек экендиги да белгиленген.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы Араван районунда үгүт маалында чыккан жаңжалды териштирүүгө аралашпай турганын мекеменин төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Милициянын териштирүүсүнүн жүрүшүндө укук коргоо органдары шайлоо мыйзамдары бузулганын аныктаса, ошол бүтүмдүн негизинде карап чыгышыбыз мүмкүн,- деди Бекматов.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.