НТС

Сочиде Атамбаев менен Путин жолугушту

Атамбаев Москвада талкууланган маселелер чечилип жатканын айтты. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев  Орусияга болгон иш сапарынын жүрүшүндө Сочи шаарында орус президенти Владимир Путин менен жолугушкан учурда билдирди. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлагандай, Атамбаевди кабыл алып жатып Владимир Путин эки мамлекеттин өз ара кызматташтыгын талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө кубанычта экенин айтты.

«Биздин жолугушууларыбыз үзгүлтүксүз өтүп жатат. Бул жакшы, анткени бизде сүйлөшчү иштерибиз арбын», — деген Путин эки өлкө ортосунда товар жүгүртүү өсүп жаткандыгын, дээрлик бардык багыттарда жылыш бардыгын кошумчалады. Ошондой эле Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулгандан бери уюмдун курамындагы башка мамлекеттер менен экономикалык байланыштар активдешип жатканы байкалганын, бирок айрым маселелерди абдан дыкаттык менен карап чыгуу керектигин белгиледи.

Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев эки тараптуу кызматташтыкты талкуулаганга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгиледи. «Эки тараптуу маселелерди талкуулоонун ар бир мүмкүнчүлүгү – абдан маанилүү. Мен кубанычтамын, аны жашыргым да келбейт, анткени ар дайым колдоо табам. Өткөндө Москвадагы жолугушууда биз мигранттар үчүн айдоочулук күбөлүктөр жана башка маселелерди талкуулаганбыз. Мунун баары чечилип жатат. Менин президенттик мөөнөтүмдүн акырына чейин ушул сыяктуу көптөгөн маселелерди чечсек деп ойлойм. Декабрь айына чейин дагы бир нече жолугушуубуз бар экендигине кубанычтамын. Өлкөлөр ортосундагы биз жетишкен деңгээлди дагы жогорулатып, мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетти жумшашыбыз керек деп ойлойм», — деди Атамбаев.