Бишкек-Торугарт айланма жолундагы кырсыкта 2 адам каза болду

2571

Өткөн дем алыш күндөрү катталган жол кырсыктарынан 5 киши набыт болуп, бир нече адам ар кандай жаракаттарды алышты. 18-январь күнү кечинде Бишкек шаарынын Элебесов көчөсүндө, «Митсубиси» микроавтобусу менен «Жигули» үлгүсүндөгү жеңил автоунаа кагышып, анын кесепетинен 3 киши мерт болду.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, каза болгондор «Жигулинин» жүргүнчүлөрү болушкан. Ал эми Бишкек-Торугарт айланма жолунун Кең-Булуң айылына жакын жерде катталган кырсыкта, «Фольцваген Венто» унаасы каршы тилкеге чыга калып, «Тайота Авенсис» унаасы менен бетме-бет сүзүшкөн. Анда «Вентада» бараткан 26-жаштагы айдоочу менен 51-жаштагы жүргүнчү көз жумган. Эки адам түрдүү жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. Учурда бул окуялар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.