Эки күндө жол кырсыгынан 7 киши көз жумду (видео)

2427

Өткөн дем алыш күндөрү эле катталган автокырсыктардан 7 кишинин өмүрү кыйылды. Ишемби күнү Бишкектин Элебесов көчөсүндө болгон аварияда 3 киши набыт болду.

Эртеси эле күнү борбордун түндүк-чыгышындагы айланма жолдо бараткан эки унаанын бетме-бет кагышуусунун кесепетинен улам 2 киши каза тапса, бири оор абалда ооруканага жеткирилген. Ушундай эле кырсык, Бишкек — Торугарт жолунда дагы катталган.