Кытайлык илимпоздор коронавируска каршы вакцина иштеп чыгышты

1419

Кытайдын саламаттыкты сактоо комиссиясы коронавирус илдетин жуктуруп алган адамдардын саны 6 миңге чукулдаганын маалымдады. Дагы 29 миңден ашуун жаран коркунучтуу илдетти жуктуруп алган деп шектелүүдө. Коронавирус жайылышы боюнча рекорд койду. Каза болгондордун саны 132ге жетти.

Буга байланышту айрым мамлекеттер аймактагы жарандарын алып кетишүүдө. Бирок Гонконгдогу илимпоздордун тобу коронавируска каршы вакцина иштеп чыкканы белгилүү болду.

Профессорлордун айтымында, дары жаныбарлардын жардамы менен сыноодон өтөт. Маалыматтар боюнча, ал бир нече айга созулушу мүмкүн экен. Ал эми адамдарга клиникалык сыноого кеминде бир жыл кетиши ыктымал.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.