НТС

Соодагерлер менен айдоочулар үчүн жаңы эреже (видео)

Жаңы дизайндагы соода күркөлөрү жана ар кандай түскө боёлгон аялдамалар. Жакындан тарта Бишкек шаарындагы маршруттук таксилер менен автобустар аялдаманын тийиштүү жерине гана токтой башташат.

Аялдаманын басымдуу бөлүгү жашыл түскө боёлуп, ал жер коомдук унааларга арналса, маршруттук таксилердин бөлүгү сары түскө боёлот экен. Адистер мындай ыкма менен шаар ичиндеги тыгындарды азайтууну көздөп жатыптыр. Ошондой эле, көчөлөрдө жайгашкан соода күркөлөрдүн бардыгы бирдей болуп өзгөртүлө баштайт.