НТС

Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Баткен областына барды

Президент Сооронбай Жээнбеков бир күндүк иш сапары менен Баткен областына барды. Мамлекет башчысы аймактагы Кызыл-Кыя шаарынын жана Кадамжай районунун активдери менен жолугушуу өткөрүп жатат.

Мындан тышкары, ал Өтүкчү айылында жаңы ачылып жаткан «Факел» чек ара тозотунун имаратынын ачылышына катышары күтүлүүдө.

Ошондой эле, иш сапарынын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад областына баруусу да пландалган.

Мамлекет башчысы бул аймактардагы инфраструктуралык, социалдык, өндүрүштүк жана билим берүү объектилери менен таанышат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.