Жаңы конституцияны жазган депутаттар баш тарта башташты (видео)

1534

«Конституция тууралуу мыйзам долбоору» боюнча «референдум дайындоо жөнүндө» документ Жогорку Кеңеште биринчи окууда жактырылды. Ага 87 эл өкүлү макулдугун билдирсе, тогузу каршы чыкты. Эми дагы эки окуудан өтүүсү зарыл.

Мыйзам долбоору бүгүн кызуу талкууланып, анын жүрүшүндө эле айрым эл өкүлдөрү буга чейинки пикирлеринен кайтып, демилгечилердин катарынан баш тартканын билдирүүгө да жетишишти. Ал эми документти жактагандар эл өкүлдөрү жоопкерчиликти алуудан качпашы керек деп жатышты.