80

Статистика мекемесинин жетекчиси пара менен кармалды

грабители
Жайыл районунун Мамлекеттик статистика бөлүмүнүн башчысы жергиликтүү тургундан ижарага байланыштуу маселесин оңунан чечип берем деген убада менен 70 миң сом пара талап кылган, деп шектелүүдө. Ага карата “ири өлчөмдө пара талап кылуу” беренесине ылайык кылмыш иш козголду. Кызматкер акчанын 55 миң сомун алып жатканда колго түшкөн.