Өлкө бюджетине келтирилген чыгым 14 миллион доллар (видео)

7019

Сырттан алынган кредиттерди мөөнөтүндө өздөштүрбөгөнү үчүн Кыргызстанга 14 миллион доллар штраф салынган. Бул үчүн ким жооп берет? Эки күндөн бери парламентте бюджеттин аткарылышы тууралуу маселе каралды. Анда эсептөө палатасынын төрагасы өткөн жылы бир топ финансылык бузуулар болгонун ачыкка чыгарды.

Мисалы, максатсыз пайдаланылган каражаттардын суммасы эле 756 миллион сомдон ашкан. Ал эми айрым министрликтер жана мекемелер айлык акынын үстүнө кошумча каражат төлөп жана өздөрүнө сый акы жазып 2 миллиард сом ашыкча чыгым келтирилген.