Өлкөдө чакан кредит алган адамдардын саны быйыл 35 %га өстү

5675

Өлкөдө чакан кредит алган адамдардын саны көбөйдү. Быйыл былтыркыга салыштырмалуу бул көрсөткүч 35 пайызга өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирүүдө. Ушул жылы алынган насыялардын көпчүлүгү айыл чарба тармагына жумшалган.

Ошондой эле соода жана коомдук тамак-аш жаатында ишкердик кылууну каалагандар чакан насыя бере турган финансылык институттарга көп кайрылышууда. Акыркы 9 айдын ичинде чакан кредиттерди берүүнү уюмдар тарабынан жарым миллионго жакын адамга 22 миллиард сом насыя берилген.

Чакан кредитти эң көп алган аймактардын сап башында Ош областы турат. Андан кийинки орундарды Бишкек шаары, Жалал-Абад жана Чүй областтары ээлеген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.