Ызы-чуу жараткан экспонаттар музейден чыгарылды (видео)

2069

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги чуулгандуу көргөзмө 15-декабрга чейин улантылат. Бирок ызы-чуу жараткан 7 эмгек алып салынды. Алар уюштуруучулар тарабынан музейден замбил менен чыгарылып кетти.

Бул жаңжалдан улам аталган музейдин директору Мира Жангарачева жумушунан бошотулган. Бирок маданият жайдын кызматкерлери буга каршы пикирлерин билдиришип, мурдагы жетекчисин артка кайтарууну талап кылып жатышат.