Сүймөнкул Чокморовдун эл көрө элек сүрөттөрү (видео)

4891

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейинде Сүймөнкул Чокморовдун эл көрө элек сүрөттөрүнүн көргөзмөсү ачылды. Иш-чара атактуу актёр жана таланттуу сүрөтчү, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына жана анын жубайы Салима Шабазованын элесине арналган.

«Эсимде» деп аталган сүрөт көргөзмөдө Чокморовдун 80-жылдардын аягында тарткан акварелдик натюрморттору, ооруп жүргөндө жараткан эмгектери коюлган. Көпчүлүк чыгармалары буга чейин элге көрсөтүлгөн эмес. Чокморовдун бир катар туңгуч эмгектери музейдин алтын фондусуна кирген.