4 күн ичинде жасалган кылмыштар (видео)

2529

Адам өлтүрүү, куралдуу кол салуу, уурулук, каракчылык. Башкы прокуратура өлкөдө оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны өсүп жатканын маалымдады. Эң көп, Бишкек шаары менен Чуй областында катталып жатыптыр. Ошол эле учурда кылмыштардын бетин ачуу көрсөткүчү да төмөндөп кеткени белгиленди.
Быйыл оор кылмыштардын 48 пайызынын гана бети ачылган. Ал арада, акыркы 2-3 күн аралыгында эле Ош менен Ысык-Көлдө куралданган кишилер кол салып, биринде 114 миң доллар уурдалса, биринде май куючу жайдын кассасын какшытып кетишкен. Өлкөдө ар кандай кылмыштардын өсүп жатышына эмне себеп болууда?