Бишкек СЭЗ: алтынды мыйзамсыз чыгаргандар кимдер? (видео)

1599

«Бишкек” эркин экономикалык аймагында алтынды мыйзамсыз бөлүп алуу фактысы аныкталды. Муну Башкы прокуратура менен Бажы кызматы биргеликте таап чыккан. Алар тараткан маалыматка таянсак, бир жеке фирма уулуу заттарды уруксаты жок колдонуу менен техникалык жана экологиялык коопсуздук талаптарды бузуп, курамында алтынды камтыган кенден алтынды бөлүп алуу боюнча көп убакыттан бери алектенип жүргөнү тастыкталган.

Башкы прокуратура коррупция беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы директору Кудрет Тайчабаров бул боюнча эмне дейт?