Көчөдө электр жарыгы өчкөнүнөн пайдаланган уурулар (видео)

2739

Акыркы күндөрү уурулук күч алууда. Чүй областынын Сокулук районундагы Новопавловка айылында түнкүсүн көчөдө электр жарыгы өчкөнүнөн пайдаланып, уурулар турак-жайларга кирип, баалуу буюм-тайымдарды көтөрүп кетишүүдө. Бул тууралуу жергиликтүүлөр билдирип чыгышты.

Айтымдарында, түндө эле 5 үйгө ууру кирген. Бирок баалуу буюм жок болгондуктан, эч нерсесин алган эмес. Ал эми ири өлчөмдөгү уурулук Сокулук районунунун Асылбаш айылында болду. Анда 300 миң долларга бааланган майнинг ферманын аппараттары уурдалган. Ага шектелип 10 адам кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди.