Сумаянын өлүмүнө шектүү кайра күнөөсүн мойнуна албай жатат (видео)

5298

Жалал-Абадда 9 жаштагы Сумаянын өлүмү боюнча иш барган сайын чырмалышып, жаңы жагдайлар ачыкка чыгууда. Бүгүн эртең менен кылмышка шектүү камактан бошотулганы кабарланып, коомчулуктун нааразычылыгын жаратты. Андан көп өтпөй эле, милиция кызматкерлери түшүндүрмө берип шектүү психиатриялык оорукананын каттоосунда турганын жана анын саламаттыгы боюнча экспертиза дайындалганын билдиришти.

Түшкө маал болсо интернетке кылмышка шектүүгө таандык делген аудио тарап, анда ал туугандарына камактан бошотулуп үйүндө чай ичип отурганын айтып жатканын угууга болот. Муну тартип сакчылары “фейк” деп аташты. Ал эми шектүүнүн адвокаты болсо милиция кызматкерлери анын кардарына басым жасап, кылмышты мойнуна илип жатканын айтууда.