Үй ээлерин сабап, акчасын карактап кеткендер кармалды (видео)

2447

Үйүнө кирип барып эне баланы ур токмокко алып бир миллион сомдон ашык каражатты уурдап кеткен каракчылар колго түштү. Аларды кармоого эки жумадан ашык убакыт кеткен. Окуя 10-январда Сокулук районунда болгон. Түнкү саат 11лерде бет кап кийген кылмыштуу топ айылдардын бириндеги үйгө кирип барып, 50 жаштагы аялды жана анын уулун таяк менен сабашып, андан кийин тоноп, из жашырышкан.

Жакында эле кылмышка шектүү эки адам кармалган. Алар колго түшкөндө, уурдалган акчанын жарымына жетпеген гана бөлүгү табылган. Акыркы учурда үйлөрдү тоногондор, каракчылык кылгандар көбөйдү. Бирок кылмыштардын баарынын эле бети ачылууда деп айтууга болбойт.