Дагы 700 тонна арзан көмүр келе жатат (видео)

2707

Бүгүн түнү Бишкектеги арзан көмүр саткан 2 кампага Кара-Кечеден дагы 700 тоннадан ашык кара отун ташылып келет. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Ал эми кечээ түнү келген 300 тоннадай көмүр бүгүн түшкө жетпей эле түгөнүп калды.
Ал арада эки жайда тең кезекке тургандардын саны уламдан-улам көбөйүүдө. Айрымдары өз кезегин бир аптадан бери күтүп жатканын айтса, кээ бирлери келген көмүргө жетишип калуу үчүн түнкүсүн да базанын кире беришин кайтарып отурушуптур.