Кыргыз дөбөтү азайып баратат (видео)

1455

Кыргыз дөбөтү жоголуп кетүү коркунучунда. Андыктан улуттук породаны сүйгөндөр анын тукумун сактап калуу аракетин көрүшүүдө. Бөрүбасарлардын кескин түрдө азайып кетиши советтер союзу мезгилине туш келет.

Ошол учурда кутурма оорусунан улам мындай тукумдагы иттер атып жок кылынган. Азыр Кыргызстан боюнча кыргыз дөбөтүнүн саны болжол менен 200гө гана чукулдайт. Аларды — Ош жана Баткен аймагында гана кезиктирүүгө мүмкүн.